Биз менен байланышыңыз

Депутат Алимжанов диплому жасалма экенин четке какты (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Апр 2022 | 1835 | 0

Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар деген маалыматты четке какты.

Депутат 2016-жылы ОшМУнун экономика факультетин бүтүрүп, бакалавр даражасын алганын айтты.

«Дисертациямды жактап жатканда, менин темам боюнча мугалимдер менен абдан жемиштүү талкуу болгон, окутуучулар менин диплом жакташымды азыркыга чейин эстеп жүрүшөт», — деп жазган депутат.

Анын айтымында, 2018-жылы Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча бүтүрүп, магистр даражасына ээ болгон.

Алимжанов дипломдун сүрөтүн жана группалаштары менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

8-апрелде Жогорку Кеңештеги «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов жасалма диплом алууга шектелип жатканы кабарланган. Борбордук шайлоо комиссиясына маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети берген. Алдыда аларды мандатынан ажыратуу маселеси каралары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM