Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Орусияда «баңгизат» менен кармалган кыргызстандыктар көбөйүүдө

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 358 | 0

2021-жылы Орусияда Кыргызстандын жарандарына карата баңгизат сатууга байланыштуу 327 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчилик Кыргызстандын жарандары тарабынан Орусияда жасалып жаткан баңгизат сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны акыркы жылдары көбөйүп жатканына өзгөчө тынчсыздануусун билдирди.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2021-жылы баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарды жасаган Кыргызстандын 224 жаранына карата 327 кылмыш иши козголсо, 2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 кылмыш иши козголгон.

Орусиянын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет.

Ошол эле учурда кыргыз жарандары билбестиктен кылмыштуу аракеттерге барган учурлар да бар. Көбүнчө булар курьер болуп жумушка киргендер же социалдык түйүндөр аркылуу товар ташуу кызматын көрсөткөндөр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM