Биз менен байланышыңыз

Муса Жаманбаев Өзбекстанга элчи болуп дайындалды

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 404 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Муса Жаманбаев  Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгына ылайык, 23-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматынан бошотулган.

Ал 2014-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, 2018-жылдан 2021-жылдын декабрь айына чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматында иштеп турду.

Муса Жаманбаевдин өмүр баяны:

Муса Жаманбаев 1978-жылы 20-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрөлгөн.

Билими:

2000 — Бишкек гуманитардык университетин «Чыгыш таануу жана эл аралык экономикалык мамилелер» адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолу:

2000 – 2001 — КР Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматында катчы-референт;

2001 – 2003 — КР Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматында атташе;

2003 – 2007 — КР премьер-министринин аппаратынын протокол кызматында референт;

2007 – 2007 — КР премьер-министринин аппараты, премьердин протокол кызматынын жетекчиси;

2007 – 2009 — КР премьер-министринин аппараты, премьердин протокол кызматынын жетекчи-орун басары;

2009 – 2010 — КР өкмөтүнүн аппаратында эл аралык кызматташуу жана протокол кызматынын жетекчи орун басары;

2010 — КР Убактылуу өкмөтүнүн аппаратында эл аралык байланыш бөлүмүндө эксперт;

2011 – 2017 — КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн жетекчи орун басары, протокол жана паспорт-визалык камсыздоо кызматынын жетекчиси;

2017-жылдын 9-декабрынан тарта КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM