Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди сотко мажбурлап алып келүү чечими чыкты

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 672 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Отурумдун түшкө чейинки бөлүгүндө мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев саламаттыгына байланыштуу айнек тосмонун артында отуруп, сотко катышуу оор болуп жатканын айтты.

Ал үч грыжасы бар экенин, буга байланыштуу сот аны отурумга катыштырбоого укуктуу экенин белгиледи.

«Отурумдарга катыштырбаганга соттун укугу бар. Үч грыжа менен бул жерде отура албайм. Дарыгердин көрсөтмөсү бар. Кааласаңар мени өмүр бою кескиле, бирок шылдыңдап, кыйнаганды токтоткула», — деген Атамбаев.

Ошондон кийин Атамбаевди сот залынан алып чыгып кетишкен. Түштөн кийинки бөлүгүнө президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов коштоо менен алып келинди.

Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сотко келүүдөн баш тартканы белгилүү болду. Ал отурумду өзүнүн катышуусуз өткөрүү өтүнүчүн билдирип, кат жазган. Алмазбек Атамбаев анын оорулары көрсөтүлгөн МРТнын корутундусунун көчүрмөсүн көрсөткөн.

Мамлекеттик айыптоочу сот процессин айыпталуучунун катышуусуз өткөрүү мүмкүн эместигин билдирди. Прокурор Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча чечим чыгарууну суранды.

Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Кийинки сот процесси 11-апрелге белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM