Биз менен байланышыңыз

Исаев: Жол кырсыктары дээрлик 13%га азайды

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2022 | 441 | 0

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны азайды. Бул тууралуу Жол эрежелерин көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын үч айында жалпы жол кырсыктарынын саны 13.1%га, жабыркагандардын саны 11,3%га, төмөндөгөн.

Ал эми жол кырсыктарынан каза болгондордун саны 17,9%га кыскарды.

«Биздин башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жер-жерлерде кырсыктарды болтурбоо боюнча профилактикалык иштер жана эреже бузган айдоочуларга карата рейд уюштурулуп, мектеп окуучуларына жол эрежесин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Кырсыктын азаюусуна эреже бузган айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүү жана элди жол эрежесин сактоого чакыруулар себеп болду», — дейт Исаев.

Ал жол кырсыктарына катуу ылдамдык, жол эрежелерин сактабоо негизги себеп болуп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM