Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мирзиёевге мектеп куруп бергени үчүн ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 350 | 0

Бүгүн, 8-апрелде президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кумтөр алтын кенинин макамы боюнча «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Садыр Жапаров Баткен облусуна эки орто мектепти куруу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо маселесин чечкени үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

26-27-майда Бишкекте  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форум өтөт.

Өзбекстан Баткен облусуна эки мектеп салып берди. Кайтарымсыз негизде салып берген мектеп имараты үчүн 30 сотых жер Баткен районунун Самаркандек айылынан, 1,75 гектар жер Лейлек районунун Маргун айылынан бөлүнгөн.

Эки өлкөнүн макулдашуусуна ылайык, курулуш жана башка иштерди Өзбекстан каржылаган. Ошондой эле мектеп курулуп бүткөн соң, Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп берилди.

1-апрелде мектептердин имараты ачылды. Ачылыш азем Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун катышуусунда өттү.

Буга чейин Өзбекстан Ош шаарына 650 орундуу мектеп салып берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM