Биз менен байланышыңыз

Кытайга чыгарылган миллиондор: Финполдун жетекчисинин мурдагы орун басары кармалды

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 474 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасынын мурдагы орун басары кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н.Ж. жана төраганын мурдагы орун басары Г.Б.Б.нын көзөмөлү астында ири суммадагы акча каражатын Кытайга мыйзамсыз которуу боюнча туруктуу канал уюштурган бир нече жарандардын тобу, коммерциялык банктардын өкүлдөрү текшерилүүдө.

Кылмыштуу топтун жетекчилери О.А.К жана Ж.Б.С. аттуу Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталды. Алар «Халык Банк Кыргызстандын» төрагасынын орун басары И.М.К. жардамы менен өздөрүнүн фирмалары жана жасалма компаниялары аркылуу Орусиядан Кыргызстанга контрабандалык жол менен алынып келинген акча каражаттарын которуп турушкан. Андан кийин жасалма бажы документтеринин негизинде Кытайга өткөрүп берген.

2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин «Бишкек үч жүз он эки» ЖЧКсынан «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банкы аркылуу Кытайга 49 миллион 153 миң 999 долларды накталай түрдө О.А.К. которгон.

2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин «Кейджи Импэкс» компаниясы «Халык Банк Кыргызстан» банкы аркылуу Кытайга 311 миллион 56 миң 270 доллар которгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 7-апрелинде жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM