Connect with us

Атамбаев кыйноону токтотууну талап кылып, айнек тосмону тепкиледи (видео)

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 2783 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда.

Анда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев саламаттыгына байланыштуу сот отурумдарына катышып, айнек тосмонун артында отуруу оор болуп жатканын айтты.

Ал үч грыжасы бар экенин, буга байланыштуу сот аны отурумга катыштырбаганга укугу бар экенин айтты.

«Отурумдарына катыштырбаганга соттун укугу бар. Үч грыжа менен бул жерде отура албайм. Дарыгердин көрсөтмөсү бар. Кааласаңар мени өмүр бою кескиле, бирок шылдыңдап, кыйнаганда токтоткула», — деди Атамбаев.

Ошондон кийин Атамбаевди сот залынан алып чыгып кетишти.

Видеону «Кактус медиа» жарыялады.

Октябрь окуялары боюнча Алмазбек Атамбаевден тышкары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM