Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 8-апрелге карата статистика

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 189 | 0

Кыргызстанда 8-апрелге карата Чүй облусунда бир адамдан коронавирус аныкталды. Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада COVID-19 вирусунун 200 миң 969 учуру катталды.

Бир сутка ичинде 9 адам айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 196 миң 288 адам айыгып чыкты.

Жалпы өлүм учурлары 2 миң 991 учур.

Ушул күндөрү 101 адам коронавирустан дарыланып жатат. Үй шартында 15 адам, ооруканада 86 адам.

Алардын ичинен 6 адам өтө оор, 29 адам оор абалда. 51 бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда.

Copyright © 2017 Maral FM