Биз менен байланышыңыз

12 жашар кыргыз кыз Кремль сарайында ырдайт

Кыска кабар | 7 Апр 2022 | 1116 | 0

9-апрелде Москвадагы Кремль сарайында балдардын чыгармачылыгына арналган «Орусиянын жана дүйнөнүн жаш таланттары» аттуу концерттик иш чара өтөт. Бул тууралуу Орусия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кыргызстандын атынан Кара-Балта шаарынын тургуну, 12 жаштагы Сафина Самиева катышат. Ал Кара-Балта шаардык балдар музыкалык мектебинин окуучусу жана КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тамара Рублинскаянын шакирти.

Сафина Самиева «Борбор Азиялык Романсиада» эл аралык сынагынын баш байгесинин жана «Карусель» балдар музыкалык фестивалынын лауреаты.

Концерттин уюштуруучусу жана алып баруучусу — Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, Орусиянын Эмгек сиңирген искусство ишмери, Москвадагы Романсиаданын Эл аралык сынагынын көркөм жетекчиси Галина Преображенская.

Маалым болгондой, апрель айында Сафина Самиева «Балдардын жаңы толкуну» сынагынын квалификациялык туруна катышууга жолдомо алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM