Биз менен байланышыңыз

Быйыл Ноокаттын жолу оңдоло баштайт

Кыска кабар | 7 Апр 2022 | 335 | 0

Ош-Баткен-Исфана жолунун 28-75 чакырымын реабилитациялоо иштери Япониянын JICA агенттиги аркылуу каржыланат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-декабрында тендердик документтер даярдалып JICA агенттигине жиберилген. 2022 жылдын март айында JICAдан официадуу миссия менен өкүлдөр келип, министрлик менен тендер өткөрүү процесстерин тездетүү жөнүндө макулдашылган.

«JICA тараптан тендердик документтерди карап, тактап-аныктоо жумуштары аяктап калды. Жакынкы аралыкта Генералдык Подрядчикти аныктоо үчүн тендер жарыялоо жумуштары өткөрүлөт. Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашыруу тайпасы азыркы учурда аталган жолдун Ноокат шаарындагы байланыш жана электр линияларын, ошондой эле жер астындагы суу, канализация түтүктөрүн кайра куруу иштерин жургүзүү үчүн субподрядчиктерди аныктоого тендер жарыялоо жумуштарын жургузуп атат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM