Биз менен байланышыңыз

Бүгүн коронавирус жуктургандар катталган жок

Кыска кабар | 7 Апр 2022 | 490 | 0

Бүгүн, 7-апрелде өлкө аймагында COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 19 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 279 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM