Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев 12 жылдык окуу боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 2461 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 12 жылдык окуу боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, бул аракеттер дүйнөлүк стандартка ылайык келтирүү максатында жүргүзүлүп жатат.

«Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, 0-класс (даярдоо классы) деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз» , — деп айтылат министрдин «Фейсбуктагы» билдирүүсүндө.

Бейшеналиев буга чейин билим берүү тармагында бир катар реформалар жасала тургандыгын жарыялаган. Алардын катарында дүйнөнүн 136 өлкөсүндөгүдөй 12 жылдык окуу программасын киргүзүү каралып жатканы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM