Биз менен байланышыңыз

БУУ «Кумтөр» боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 232 | 0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) «Кумтөр» алтын кени боюнча Кыргызстан менен Centerra Gold Inc компаниясынын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлганы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

БУУнун Башкы катчысынын маалымат катчысынын орун басары Ф. Хан журналисттер үчүн өткөргөн жыйынында Кыргыз өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын ортосунда «Кумтөр» кени боюнча тынчтык келишимине кол коюлганын, БУУ тарабынан кабыл алынганын билдирди.

«Тынчтык келишимине кол коюу — маселени эл аралык коммерциялык укуктун алкагында чечилишин билдирет, аны кыргыз тарап БУУнун мүчөсү катары сактап келет. Биздин өлкө тарабынан эл аралык укукту сактоосун көрсөтүү дуйнөлүк коомчулук үчүн абдан маанилүү роль ойнойт», — деп айтылат билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» алтын кени Кыргызстанга толук жана биротоло өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын, алар АКШда, Швецияда жана Канадада Кыргызстанга каршы козголгон бардык соттук териштирүүсүн жана дооматын токтото турганын жар салып, жалпы элди улуттук кызыкчылыктын корголуп калышы менен куттуктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM