Биз менен байланышыңыз

8-апрелде өкмөт энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча форум өткөрөт

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 140 | 0

Министрлер кабинети Дүйнөлүк банктын көмөгү менен 8-апрелде Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда» аталышындагы энергетикалык форуму өтөт.

Иш-чаранын алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформаларды колдоо боюнча эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланат.

Форумга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, мамлекеттик орган өкүлдөрү жана инвесторлор катышат.

Форум сессияларынын алкагында катышуучулар жеке сектордун катышуусунда күн энергетикасын өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин приоритеттерин, энергетикалык секторду реформалоо стратегиясын, энергетикалык сектор маселеси боюнча калкты социалдык жактан колдоо чараларын талкуулайт.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасында күн энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар» панелдик дискуссиясы орун алып, ошондой эле эл аралык финансы институттарынын ата мекендик энергетикалык секторду реформалоого кошкон салымы тууралуу маселе талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM