Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов Женевадагы БУУнун форумунда «Кумтөр» боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 201 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Регионалдык форумун ачууда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн канадалык эл аралык тоо-кен иштетүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынын келишимине бурду.

Анда ал келишим тынчтык жол менен, бардык тараптар үчүн пайдалуу негизде түзүлгөндүгүн белгиледи.

«Биздин ири алтын кенибиз, улуттук байлыгыбыз толугу менен кыргыз мамлекетинин менчигине өттү. Келишим тынчтык жол менен, бардык кызыкдар тараптар үчүн пайдалуу негизде түзүлгөн келишим болду. Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүн коргоону жана эл аралык инвестициялар үчүн бардык эл аралык жана улуттук кепилдиктерди жактай тургандыгын ырастайт. Биздин өлкө бизнес үчүн ачык», — деп билдирди Эдил Байсалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM