Биз менен байланышыңыз

Токаев Жапаровду «Кумтөрдүн» Кыргызстанга өтүшү менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 566 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Акордонун сайтына жарыяланды.

Президенттер соода-экономикалык кызматташтыкты жана эл аралык аренада кызматташууну бекемдөөгө басым жасоо менен кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Токаев быйыл май айында Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө олуттуу түрткү болорун белгилеген.

Мындан тышкары Токаев Садыр Жапаровду «Кумтөр» алтын кенинин макамы боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Президенттер Орозо айынын башталышы менен да бири-бирин куттукташты.

4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» алтын кени Кыргызстанга толук өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM