Бүгүн, 6-апрелде Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында ант берип, депутаттык кызматына киришти.
Маалым болгондой, Атазов №29 Свердлов округу боюнча өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгы менен депутат болуп келди.
Бүгүн БШК аны Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, күбөлүк жана төш белги тапшырды.
Буга чейин Жогорку Сот депутаттыкка талапкер Абдурахман Муртазалиевди каттоону жокко чыгарган БШКнын чечимин күчүндө калтырган.
Атазов буга чейин VI чакырылышта бир жылга жакын мөөнөткө депутат болгон.