Биз менен байланышыңыз

УКМК: Медлабораториялардын биринен коррупциялык иштер аныкталды

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 205 | 0

Жеке менчик медициналык лабораториялардын биринен коррупцияга аралашуу иштери аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы жемкорлук иштер боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө жеке менчик «Е» лабораториясы коррупциялык жолго барганы белгилүү болгон.

Алар бейтаптарды текшерүүгө көбүрөөк жөнөттүрүп туруу үчүн медициналык мекемелердин жетекчилерине пара берип келишкен.

Бул факты боюнча козголгон иштин алкагында лабораторияга тинтүү жүргүзүлүп, каржылык бузууларга, маркетингдин мыйзамсыз ыкмасына жол берген далил документтер алынып, медициналык мекемелерге накталай акча которгон «кош» бухгалтерия тастыкталган.

Бул мыйзамсыз аракеттер өлкөгө салык төлөөдөн качууну күбөлөп турат. Ошол эле учурда кызмат көрсөтүү акысын негизсиз кымбаттатууга алып келет.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында лабораториянын жетекчиси Я.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасы иликтенип жатат.

Ачык булактар аркылуу иликтеп көргөнүбүздө айтылган медициналык лаборатория «Евролаб» экени, жетекчиси Ярахмедов Сохраб экени белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM