Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү системасына 32 млн евро грант бөлөт

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 208 | 0

Бүгүн, 6-апрелде «Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт» программасы боюнча Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы каржылык макулдашуу кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Макулдашууга Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев, Европа Биримдигинин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча өкүлү Сара Ринальди кол койду.

Анын алкагында Евробиримдик Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн евро өлчөмүндө кайтарымсыз грант бөлөт, анын 27 млн евросу республикалык бюджетти колдоо, 5 млн евросу кошумча колдоо болуп эсептелет.

Евробиримдиктин жардамы инклюзивдик жана сапаттуу билимге өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга жардам берүүгө багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM