Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 6-апрелде Шайлообек Атазовду №29 Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, күбөлүк жана төш белги тапшырды.
Буга чейин Жогорку Сот депутаттыкка талапкер Абдурахман Муртазалиевди каттоону жокко чыгарган БШКнын чечимин күчүндө калтырган.
Быйыл 27-февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өткөн.