Кыргызстанда 7-апрелде жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21;
Бишкекте күн ачык болот. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30 градус болот.