Биз менен байланышыңыз

Быйыл үч айда 18 миңден ашык ишкер ККМ колдонууга өттү

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 186 | 0

Быйыл үч айда 18 миңден ашык ишкер көзөмөл-кассалык машинаны колдонууга өттү. Бул тууралуу 6-апрелдеги маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Өлкө боюнча 45 миң 35 көзөмөл-кассалык машина колдонулат, анын 22 миң 173ү – аппараттык ККМ жана 22 миң 862си – программалык ККМ.

Салык кызматы азыркы учурда аппараттык жана программалык ККМ колдонуларын билдирет.

Аппараттык ККМ – бул онлайн режиминде маалымат берүү модулуна ээ болгон фискалдык эс тутуму бар кадимки кассалык аппарат.

Программалык ККМ – смартфонго, планшетке же компьютерге акысыз орнотулган тиркеме түрүнө ээ жана аппараттык ККМ үчүн эң жеткиликтүү альтернатива болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек принтерин сатып алуу ишкерге жетиштүү.

Программалык ККМ Play Маркет («Онлайн ККМ» тиркемеси) аркылуу смартфонго акысыз орнотулат. Аппараттык ККМди техникалык тейлөө борборлорунан сатып алууга болот.

Мындан тышкары,» Керемет банк», «РСК банк» жана «Айыл Банк» заманбап ККМди POS-терминал менен акысыз беришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM