Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Бийлик Бакиевдердин алдындагы милдетин аткарып жаткандай

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 923 | 0

Бүгүн, 6-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев сотко алып келинди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүн сотко күчтөп алып келишкени 2010-жылдагы апрель окуясына карата уюштурулган спектакль экенин айтты.

«Ушул аптанын башында башталган «спектакль» – 7-апрелге байланыштуу болуп жатат деп ойлойм. Бул Бакивдерди кубантуу максатында жасалып жатат. Алардын татыктуу окуучулары келип, Атамбаевге ушундай мамиле жасалып жатканын көрсөтүүнү каалап жатышат. Бул цирктин баары ушул үчүн. Мен сот отурумунда эч кандай суроого жооп берген жокмун, сөз да сүйлөгөн жокмун. Буга чейин бир өкүм, 11 жыл камоо боюнча чыгарылган чечим менин катышуум жок эле чыгарылган. Азыркы аракеттер бийликтин Бакиевдердин алдындагы милдетин аткарып жатканын көрсөтөт. Башкача түшүнүү мүмкүн эмес. Бирок мен күчтүүмүн, баары бир аман калам», — деди Алмазбек Атамбаев.

2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу ишти кароону улантуу 4-апрелде башталган. Отурумга Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча соттун чечими чыккан.

Октябрь окуялары боюнча Алмазбек Атамбаевден тышкары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча иш козголгон.

Кийинки отурум 8-апрелге жылдырылды.

Быйыл апрель окуясына он эки жыл болот.  2010-жылы 7-апрелде эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршылык көрсөтүп, «Ала-Тоо» аянтына көтөрүлүшкө чыккан. Анда элге ок атылып, 90го жакын адам набыт болуп, 100дөн ашууну ар кандай жаракат алган. Акыры Ак үй алынып, Курманбек Бакиев адегенде Бишкектен, андан кийин өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM