Биз менен байланышыңыз

Күн ысыганына байланыштуу көчкү жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 272 | 0

6-7-апрелде күн катуу ысып, тоолуу райондордо көчкү жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуулук ыктымалы бар делген жолдордун тизмесин берди:

«Бишкек — Ош» жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуулары, Чычкан капчыгайы;

«Бишкек — Нарын — Торугарт» жолундагы Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;

«Казарман — Актал-Чат» жолундагы Карагөө ашуусу;

«Каракол-Эңилчек» жолундагы Чоң-Ашуу;

«Барскоон — Ак-Шыйрак» жолундагы Сөөк ашуусу.

Айрым жерлерде жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM