Биз менен байланышыңыз

ЕККУ Ички иштер министрлигине 9 унаа белек кылды (сүрөт)

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 213 | 0

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине 9 автоунаа белек кылды.

Унааларды тапшыруу, кабыл алуу салтанаты бүгүн, 6-апрелде өтүп, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов катышты.

Унаалардын экөө Туристтик-экологиялык милицияга, жетөө көчмө кабылдама үчүн Ленин, Биринчи Май, Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак, Алай райондук ички иштер бөлүмдөрүнө берилди.

Айта кетсек, «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоорунун алкагында өлкөдө милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Мындагы максат алыскы аймактардын тургундарына жеринен көмөк көрсөтүү, укук бузуулардын алуу алуу чараларын жүргүзүү болуп саналат.

2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ЕККУ ИИМге 39 унаа тапшырган. Мындан тышкары ИИМ өздүк эсебинен 10 унаа алып, жалпы 49 көчмө кабылдама уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM