Биз менен байланышыңыз

Түркиянын эки шаарынан Ошко аба каттамдарды ачылат

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 181 | 0

Түркиянын Даламан жана Анталья шаарларынан «Ош» эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Авиакаттамдар «Пегасус» компаниясы тарабынан аткарылмакчы.

«Анталья-Ош-Анталья» багыты боюнча каттамы 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөрү уча турганы пландалууда.

«Даламан-Ош-Даламан» багыты боюнча каттамды 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөрү аткаруу пландалып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM