Биз менен байланышыңыз

Депутат: «Кумтөрдү» өзүбүз иштете аларыбызга ишендирүү керек

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 201 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков «Кумтөр» алтын кени Кыргызстанга өткөнү менен аны сапаттуу башкаруу боюнча чон жоопкерчилик пайда болгонун айтты.

Депутат «Кумтөрдү» буга чейин иштетип келген канадалыктар табалап күлбөшү үчүн принципке туруп, Кыргызстан кенди өзү иштете албайт деген стеоротипти жоюуну өтүндү.

Ал япониялыктардын «күндөн-күнгө өнүк» деген принциби менен иштөөнү сунуштады.

Мындан тышкары кенди иштетүүдө ар кандай жумуштар үчүн жергиликтүү компанияларга артыкчылык берүүнү суранды. Анын айтымында, тендерден казакстандык жана түркиялык компаниялар көбүрөөк утууда. Мындай боло берсе акча кайра эле сыртка кетет.

Депутат муну менен катар, Кумтөрдөн тышкары 12 ири алтын кенден Кыргызстан такыр үлүш албагандай келишим түзүлүп калганын, аларды кайра инвентаризация кылуу керектигин айтты. Бул кендердеги үлүштүн эң аз дегенде 30-40%ы Кыргызстанда калышы керек.

4-апрель күнү президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» алтын кени боюнча «Центерра Голд» компаниясы менен доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялады.

«Кумтөр» кени толугу менен мамлекетке өткөнү, рекультивациялык фонддогу каражат Кыргызстанга берилери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM