Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согушта 18 журналист каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 284 | 0

Орусия аскерлери Украинага кол салган 24-февралдан 4-апрелге чейин 18 журналист каза тапты. Бул тууралуу Украина Маданият жана маалыматтык саясат министрлиги билдирди.

Кызматтык милдетин аткарып, согуштун жүрүшүн чагылдыруу маалында көз жумган журналисттердин үчөө аял болгон. Алардын арасында чет өлкөдөн келген кабарчылар, Орусиянын өзүнүн да кабарчылары окко учкан.

Булардан тышкары 13 журналист согуш майданында жаракат алып, 3 журналист дайынсыз жоголгон. Дагы 4 эркек, 4 аял журналистти белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM