Connect with us

Төрөбаев акимдер менен жазгы айдоо-себүүнүн жүрүшүн талкуулады

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 344 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жазгы айдоо-себүүнүн жүрүшү боюнча Чүй облусунун райондорунун акимдери менен видеоконференция түрүндө кеңешме өткөрдү.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Айыл чарба министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча дыйкандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүсү зарыл.

«Район акимдери да азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жоопкерчилик алышы керек. Буудайдын, май өсүмдүктөрүнүн жана кант кызылчасынын айдоо аянттарын көбөйтүү маселесин иштеп чыгуу керек. Фермерлерге жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алууда, аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодо, ирригация маселелерин чечүүдө, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге алууда ар тараптуу жардам көрсөтүү зарыл. Ал үчүн «Агроөнөр жай комплексин насыялоо», «Айыл чарбасын каржылоо-10″ долбоорлоруна катышкан коммерциялык банктар ыкчам иш алып барып, дыйкандын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек», — деди ал.

Жыйын соңунда Айыл чарба министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, профилдик түзүмдөргө дыйкандарды сезондук талаа иштерин жүргүзүүсү үчүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, долбоорлорду өз убагында каржылоо, ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз каражат бөлүп туруу тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM