Connect with us

«Бир жылда 10 миң зомбулук катталса, анын 311ине эркектер кабылган»

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 301 | 0

Кыргызстанда бир жылдын ичинде 10 миң 151 жолу үй-бүлөлүк зомбулук катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматына таянып билдирди.

Кадырбековдун айтымында, катталган зомбулуктун 311ине эркектер кабылган.

«Мен да муну түшүнө алган жокмун, бул да жаңы феномен. Айтайын дегеним, ушул багытта иштебесек болбойт. Кризистик борборлор түзүлүп жатат, аны бакыт  борбору дейбизби, айтор, башкача кылып түзсөк», — деди депутат.

Ошондой эле ал мектептерге адеп сабаган киргизип, үй-бүлөгө даярдоо жагын иштеп чыгууну сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM