Кыргызстанда 6-апрелге карата COVID-19 вирусунун жаңы учуру катталган жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, 4-5-апрель күндөрү да өлкө боюнча коронавирус катталган эмес.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпы 200 миң 968 адамга вирус жуккан.
Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, өлүм учурлары да катталган жок. 2020-жылдын март айынан бери коронавирустан 2 миң 991 адам көз жумду. Ал эми айыгып чыккандардын жалпы саны 196 миң 268 киши.
Бүгүнкү күндө ооруканада 89 бейтап, үйдө 31 адам дарыланып жатат.