Биз менен байланышыңыз

Жапаров Венгриянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 122 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-апрелде Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Администрациядан билдиришти.

Анда кыргыз-венгер эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу багыттары жана келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров Виктор Орбанды жана «ФИДЕС» партиясынын лидерин 3-апрелде өткөн парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары биргелешип бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Виктор Орбан кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында кызматташууну бекемдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча системалуу иштерди улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM