Connect with us

Бишкекте «Хизб-ут-тахрирдин» аялдар жамааты кармалды (видео, сүрөт)

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 366 | 0

Бишкек шаарында «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун аялдар жамаатынын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси менен катталган кылмыш белгилердин алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун санкциясынын негизинде «Хизб-ут-Тахрир» мүчөлөрү жашайт делген үйлөргө тинтүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө экстремисттик багыттагы 57 адабият, 15 баракча, 10 уюлдук телефон, 9 конспект дептер табылган. Алар өздөрүнүн эрежелерин үйрөтүү үчүн электрондук китептери жүктөлгөн мобилдик тиркемелерди, смартфондорду да колдонуп келишкен.

Алынган материалдар боюнча бирдиктүү диний-лингвистикалык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери, бул ишке тиешеси бар же ушундай иштер менен алектенген башка адамдарды да табуу үчүн иликтөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM