Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тергөөчү пара алып жаткан жеринен колго түштү

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 356 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин УКМКга тергөөчү ишти жабуу үчүн 2 миң доллар талап кылып жатканын айтып, М.Г.В. аттуу жаран арыз жазган. Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) менен катталып, иш ачылган.

Атайын операциянын жүрүшүндө тергөөчү, милициянын капитаны А.Д.Б. 85 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөөдө сурак берип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM