Биз менен байланышыңыз

Канаданын Кыргызстандагы элчиси «Кумтөр» боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 878 | 0

Канаданын Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Алан Хэмсон «Твиттердеги» баракчасына Кумтөр кени боюнча билдирүү жасады.

Ал «Центерра Голд», «Кыргызалтын» жана Кыргыз Өкмөтүнүн ортосундагы Кумтөр кени маселеси жана ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү үчүн алдын ала макулдашууга кол коюлганын колдой турганын билдирген. Ошондой эле аталган макулдашуунун шарттары жана талаптары жакын арада толук аткарыларына үмүт кыларын кошумчалаган.

Элчинин пикиринде, бул макулдашуу Кыргызстандагы инвестициялык климатка оң таасирин берет жана эки тарапка тең келечекте ийгилик алып келет.

Мындан сырткары «Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 30 жылдыгында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүк мындан ары да бекемдейт деп ишенем», — деп кошумчалаган элчи.

Белгилей кетсек, кечээ 4-апрелде президент Садыр Жапаров элге маанилүү кайрылуу жасап, «Кумтөр» кени толугу менен Кыргызстандын карамагына алынганын жарыялаган. Анда эки тарап тең соттогуу доо арыздан баш тартып, сүйлөшүүлөр аркылуу маселе чечилгенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM