Биз менен байланышыңыз

7-апрель — Кыргызстанда эс алуу күнү

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 432 | 0

7-апрель, бейшемби күнү Кыргызстанда Элдик Апрель революциясы белгиленет. Бул күн эс алуу деп бекитилген.

Быйыл Апрель ыңкылабына 12 жыл толот. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине нааразы болгон эл көтөрүлгөн.

Кийинки мамлекет башчы болгон Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын декабрында 7-апрелди жаңы майрам – Элдик Апрель революциясынын күнү катары бекиткен.

2016-жылы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык Элдик Апрель революциясы күнү жумуш эмес күн деп жарыяланган.

Апрель окуясында элге ок атылып, 100гө жакын адам шейит кеткен, 500гө жакын жаран ар кандай жаракат алган. Акыры элдин күчү менен Ак үйдүн имараты алынып, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев шаардан, андан кийин өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Окуядан соң өлкөдө Убактылуу Өкмөт түзүлүп, турукташтыруу иштери башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM