Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын унун импорттук товар катары саткандар кармалды

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 732 | 0

Кыргызстандын тегирменинде эле тартылган унду жасалма товардык белги аркылуу импорттук ун катары кымбат саткандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айта кетсек, Министрлер кабинети 2021-жылдын август айында импорттолгон эгинге жана унга кошумча нарк салыгын (КНС) бир жылдык мөөнөт менен алып салган. КНСтен бошотулгандан кийин импорттук ундун 50 килограммы 1500 сомдун айланасында сатылат. Ал эми суроо-талапка көбүрөөк ээ болгон импорттук ун 2100 сомго чейин гана барат.

А бирок ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эгинден ун тартып, жасалма товардык белги менен кымбат сатууну көздөгөн ички өндүрүүчүлөр да болууда.

УКМК кызматкерлери Сокулук районундагы Т.К.А. аттуу жаранга таандык ун комбинатты текшеришкен. Анда КНСтин нөлдүк өлчөмү менен келген буудайды комбинаттан тартып, чет элдик «Эталон» маркасын жасалма колдонуу аркылуу кымбат сатып жүргөнү аныкталган.

Тинтүү учурунда тегирменден жаңы тартылган, капка салына элек 350 тоннага жакын ун, «Эталон» мүшөгүнө салынып, даярдалып коюлган 10 миң (200 кап) тонна ун жана 7 миң бош кап табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүгү (башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Айта кетсек, «Эталон» уну Казакстандын Караганды облусунан өндүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM