Биз менен байланышыңыз

Министрлик сүннөткө отургузулган баланын өлүмү тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 818 | 0

Сүннөткө отургузуу учурунда чарчап калган бала кан жоготкон эмес, жүрөгү токтоп калган. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Балага наркоз берүү учурунда жүрөгү токтоп калганы айтылат. Оорукананын жетекчилиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

2-апрелде Бишкекте жети жашар бала сүннөткө отургузулгандан кийин чарчап калганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген.

«Бала Улуттук госпиталда наркоз менен сүннөткө отургузулганы белгилүү болду. Операциядан кийин №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө платтер синдрому диагнозу менен жаткырылган. Сүннөттөгү жарааттан улам кан көп кеткен. Ошол жерден бала эсине келбей үзүлгөн. Факты катталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM