Connect with us

«Педагогикалык адистиги жоктор да мектепке сабак бере алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2022 | 8430 | 0

Атайын педагогикалык тажрыйбасы болбогон инсандарга мектепке келип балдарды окутууга шарт түзүлүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Азыркы тапта билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, чаралар көрүлүүдө.

«Мисалы, сиз жакшы инженерсиз, буга чейин бир да жолу мектепте иштеген эмессиз. А бирок математиканы мыкты деңгээлде билесиз жана балдарды жакшы көрөсүз, алар менен иштеше аласыз. Анда башка кесиптин ээси келип, керектүү кыска мөөнөттүү окутуудан өтүп туруп, мектепте иштей алат. Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз», — деди ал.

Жусупбекова буга чейин мамлекеттик кызматкерлердин диплом текшерүү маселесин сөз кылып, башка кесиптин ээсинин жогорку билими жөнүндө диплому бар болсо гана мектепте иштөөгө уруксат берилерин маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM