Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгы боюнча сүйлөштү

Кыска кабар | 3 Апр 2022 | 413 | 0

Бишкекте Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жолугушту. Анда Өмүрбек Текебаев элчиликтин ишиндеги приоритеттер жөнүндө айтып, алар Кыргызстандын кызыкчылыгын, бүгүнкү дүйнөдөгү геосаясий абалды эске алып аныкталганын айтты.

Жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча конкреттүү иш чаралар талкууланды. Ушул жылдын июль айында кыргыз-герман ишкерлер форуму өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө экономикалык кызматташуунун жаңы багыттары, мүмкүнчүлүктөрү талкууланмакчы.

Текебаев Германия өкмөтү акыркы 30 жылда Кыргызстанга 400 млн жакын доллар грант жана насыя катары жардам бергенин айтып, карызды кайтарбай кечирүүнүн, кыскартуунун жолдорун айтты.

Текебаевдин айтымында, Германия өкмөтү эгерде Кыргызстан карыз сумманын бир бөлүгүн, тагыраагы 14,9 млн еврону гуманитардык, социалдык багытта бюджеттен акча бөлүп пайдаланса, ошол көлөмдөгү карызды кечүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Ошондой эле элчи Кыргызстандан Германияга эмгек мигранттарына мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын, ага ылайык Кыргызстанда кесиптик, техникалык окуу жайларында Германияга керектүү кесип ээлерин даярдап, бир аз немец тилин үйрөнүү керектигин кошумчалады.

Андан тышкары, ал Европа Бирикмесинин жалпы артыкчылык системасын (ВСП+) кыргызстандын ишкерлери толук кандуу колдоно албай жатканын белгиленип, герман инвестицияларын Кыргызстанда тиешелүү лаборатория курууга тартууну демилгеледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM