Биз менен байланышыңыз

Президент тоо-кен тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 3 Апр 2022 | 689 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде тоо-кен тармагынын кызматкерлерин Кыргызстандын Геологунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда тоо-кен тармагынын ардактуу ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, жаратман эмгек жана жаңы табылгалар, геологиялык чоң ачылыштарды каалады.

«Өлкөбүздүн геология тармагы — мамлекеттик бюджетти түзүүчү жана улуттук саясаттын стратегиялык багыттарынын бири. Мамлекетти туруктуу жана ырааттуу өнүктүрүүдө бул тармактын маанисин эске алып, алгачкы жарлыктарымдын катарында «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койгом. Анын алкагында бир катар реформалар жүргүзүлүп, жергиликтүү мамлекеттик ишканалар аркылуу стратегиялык кендерди Кыргызстан өзү иштетүүнү колго алды. Тышкы башкарууну киргизүүнүн эсебинен «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн бардык алтын жана компаниянын пайдасы Кыргызстандын аймагында калууда» , — деп айтылат куттуктоо катында.

Президент ошондой эле ата мекендик тоо-кен — геология комплексин капиталды көп талап кылган ишканалар түзө турганын белгилеп, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө бюджетине жалпы салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр менен кен иштетүүдөгү социалдык төлөмдөрдөн 23 миллиарддан ашык сом төлөшкөндүгүн белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM