Connect with us

Юрист: Курултай жөнүндө мыйзам ыйлай тургандай жазылыптыр

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2022 | 813 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун жазуу үчүн 11 адистен турган жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ мыйзам долбоорун 4-мартта Президенттин расмий сайты аркылуу коомдук талкууга коюп, 29-мартта коомдук угуу өткөрдү. Конституциялык мыйзамдын долбоору талкуудан 3-апрелде алынат.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралдын» эфиринде бүгүнкү күндө элдик курултайга муктаждык жок экенин айтты.

Мыйзам долбоорунда элдик курултай бийликтин аткарып жаткан иштерине мониторинг жүргүзүп, андан сурак ала турган орган болуп көрсөтүлгөн. Бирок юрист элдик курултайдын каржылоосу жоктугун, андыктан социалдык сурамжылоолорду өткөрө албасын, күнү-түнү отуруп иштөөгө шарт түзүлбөгөнүн белгилейт.

«Негизи, бул ыйлай турган мыйзам долбоору болуптур. Сөз жок. Менин оюмча, Элдик курултай азыр сунушталып жаткан механизмдери менен иштеп кетпейт. Себеби булардын каржылоосу, интеллектуалдык деңгээли же конкреттүү механизмдери жок. Төрт барактан турган мыйзам — чийки. Анын эки барагы өтпөйт, себеби көптөгөн мыйзамга дал келбеген механизмдер белгиленген. Буга Президенттин администрациясынын юристтери макулдук бериптир, аларга «2» деген баа коюу керек. Мунун түбү бизге өтө жаман, терс нерселерди алып келет», — деди ал.

Ал Элдик курултайдын милдетин жергиликтүү кеңештердин депутаттарына берсе туура болмогун айтат. Себеби алар элдин маселесин билет жана уюштуруучу түзүм катары да каржылоосу бар.

Эргешбаева конституциялык мыйзамды ушундай форматта кабыл алууну улуттук коопсуздукка жасалган чыккынчылык катары карайт.

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам: Ыйгарым укуктары жана милдеттери

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM