Биз менен байланышыңыз

Министр: Орусиянын мунайын рубль менен ала баштайбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2022 | 5163 | 0

Орусиядагы мунай өндүрүмү мындан ары Кыргызстанга рубль менен сатылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Буга чейин мунай заттар Кыргызстанга доллар менен келчү. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия рубль менен импорттой турган болду.

«Биржалык товар болгондуктан доллардын курсу менен эсептелип, бирок рублдин төлөмүнө өтөт. Анткени Орусиядагы SWIFTке киргизилген санкциялардан улам мунай ташуучулардын көп банктардан төлөмдөрү өтпөй кыйынчылык жаратып токтоп калган. Азыркы күндө ошол товарларды үзгүлтүксүз жеткирип турганга Орусия менен сүйлөшүп, рублдин төлөмүнө өтүп жатабыз», — деди ал.

Мындан сырткары ЕАЭБдин алкагында бажы чендери доллар менен бекитилген, бирок төлөмдөр улуттук акча менен камсыздалган. Министр белгилегендей, эми мындан ары Кыргызстандын бюджетин үзгүлтүксүз, толук камсыздоо максатында сүйлөшүүлөр уланып, Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү система аркылуу бюджетин рублге өткөрүүнү карап жатат.

Орусия — Кыргызстандын эң чоң бизнес өнөктөшү. Эки өлкө ортосунда жылына 2 млрд 800 миллон доллардын тегерегинде соода жүгүртүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM