Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 170 | 0

Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык бүгүн, 25-мартта таңга маал 7-апрель (Алматы) көчөсү менен Иса Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги айлампа жолдо болгон. Mercedes-Benz Sprinter унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Кырсык тууралуу маалымат ӨКМге 7:10до түшүп, жерине 7:17де 5 куткаруучу барган. Тилекке каршы, айдоочу куткаруучулар жеткенге чейин эле каза болуп калган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда кырсык боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM