Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согушта курман болгон Дорбоев бүгүн жерге берилет

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 798 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Украинадагы согушта курман болгон кыргыз жоокер Эгемберди Дорбоев бүгүн, 25-мартта жерге берилет. Бул тууралуу «Азаттык» сайты жазды.

Маркумдун сөөгү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына кечээ, 24-мартта жеткирилген.

Айта кетсек, Орусиянын жарандыгын алган кыргыз Эгемберди Дорбоев 8-мартта Украинадагы согушта курман болгону тууралуу маалымат 18-мартта угузулган.

2002-жылы туулган Дорбоевдин ата-энеси Орусиянын жарандыгын алып, Кыргызстандан көчүп кетишкен.

Украина: Орусияда аскердик кызмат өтөп жаткан кыргыз каза болду

Copyright © 2017 Maral FM