Биз менен байланышыңыз

Украина: Орусияда аскердик кызмат өтөп жаткан кыргыз каза болду

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 268 | 0

Украинадагы согуш учурунда орус армиясында кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы кыргыз жигит курман болгон. Бул тууралуу бир катар басылмалар жазды.

Маалым болгондой, 2002-жылы туулган катардагы жоокер Э.Ж. март айынын башында эле каза тапкан. Түпкү жерлиги Ысык-Көл облусунан, ата-энеси менен бирге Орусиянын жарандыгын алып, Кыргызстандан көчүп кетишкен.

Маркумдун сөөгү 23-мартта Кыргызстанга келет. Акыркы сапарга Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынан узатылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM