Connect with us

«Кыргызстанда жаштардын 90%ы «чет жакка кетем» деп окуйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2022 | 286 | 0

Сурамжылоо жүргүзүп, жогорку окуу жайларды кыдырып чыкканда студенттердин 90%ы «чет өлкөгө кетем» деген ой менен окуп жатышканына күбө болдук. Бул тууралуу «BIZ Чырак» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Бекзат Билалов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бүгүнкү күндө биздин жаштар аябай жөндөмдүү. Алар пайдалуу жана таасирдүү бизнес долбоорлорду сунушташат.

«Азыркы жаштар чакан жана орто бизнес ээлери өздөрүнүн ишин жакшы жүргүзө албай жатышканын көрүп, үмүт үзүп, келечекке ишенбей калууда. Ошондуктан жаштардын арасында «чет жакка кетем» дегендер аябай көп болууда. Бул — өтө жаман көрүнүш, биздин келечегибизге терс таасирин тийгизет. 25 жашка чыга элек биздин жараныбыздын «мигрант болуп кетем» деп жатканы — өкүнүчтүү. Алар Кыргызстанды жакшы көрүшөт, бирок билим тармагындагы мүчүлүштүктөр, каржылык сабат боюнча маалыматтардын жетишсиздиги, инструменттердин берилбеши чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз кылып жатат», — деди ал.

Эгерде жаштарга көбүрөөк көңүл бөлүп, тагыраагы, келечектеги кесипти тандоодо интрументтерди берип, жол көрсөтүп үйрөтсө, башка өлкөгө кетүүнү каалабай калышмагын кошумчалады Билалов.

Copyright © 2017 Maral FM