Connect with us

Кыргызстандын тарыхындагы «жоогазын» революциясы кандай болгон? (сүрөт)

Блог | 24 Мар 2022 | 898 | 0

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдар аралыгында башкарган. 2005-жылдын февраль айында өткөн парламенттик шайлоодо башталган жана ага чейинки нааразычылыктар чыңалып отуруп, «жоогазын» революциясына жеткен.

Жоогазын революциясына түрткү болгон жагдайлар

Тунгуч президент Аскар Акаевдин президенттик шайлоого үчүнчү ирет барууга ниеттениши, балдарын бийликке алып келгени, күйөө баласы, жубайынын мамлекеттик иштерге аралашуусу оппозиция тарабынан сынга алынып келген. Ошол кездеги саясат талдоочулар Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууга баратат деп сыпатташкан.

Ошондой эле Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши, анын артынан Аксы окуясында 7 адамдын окко учушу элдин бийликке болгон ишенимин азайткан.

2005-жылдын 27-февралында жана 13-мартында парламенттик шайлоо эки тур менен өткөрүлгөн. Шайлоонун биринчи турунда ошол кездеги бийликтин партиясы «Алга Кыргызстан» менен Акаевдин уулу Айдар Акаев шайлоочулардын 70%дык колдоосун тапкан. Шайлоонун экинчи турунда болсо, президенттин кызы Бермет Акаева 50%дан ашык добуш алган. Ал эми парламенттик шайлоого катышкан оппозициячыл саясатчылардын көпчүлүгү добуш берүүгө чейин шайлоодон четтетилсе, шайлоого катышкандарынын да көпчүлүгү бийликтин талапкерлерине утулуп калган. Мунун баары өлкө аймагында бийликке карата нааразычылыктарга шыкак болуп берген.

2005-жылы 24-март күнү ал кездеги оппозиция: Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Исмаил Исаков жана Азимбек Бекназаров баштаган көпчүлүк Акүй алдына колдоруна сары жоогазын гүлүн кармоо менен жүрүш жасаган. Ак үйдү күч түзүмдөрү курчап, коргоого алып, аянткан топтолгон элге карата күч колдоно баштаган. Бирок ок чыгарган эмес. Ошентип отуруп бир суткага жетпеген аралыкта жаалданган эл Ак үйдү басып алган.

Акүй алынгандан кийин, президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Кыргызстандан Орусияга качкан. Ал Москвага барып жайгашкан соң, анын президенттик милдетин мөөнөтүнөн мурун тапшыруусу 5-апрелде Кыргызстандын элчилигинин имаратында болгон. Документке кол койдуруу боюнча Кыргызстандан саясатчы Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттардын тобу барган.

Төмөндөгү сүрөттөрдө ошол 24-мартка чейинки, 24-марттагы жана андан кийинки окуялардын хроникасы түшүрүлгөн:

Эскертүү: Сүрөттөр Влад Ушаковдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды

                                

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM