Connect with us

Индия эмне себептен Украинадагы кырдаал боюнча үн каткан жок?

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2022 | 2448 | 0

Индия менен Кытай Украинадагы окуялар боюнча бейтарап позицияны карманууда. Буга Орусия менен болгон тышкы саясий максаттары себеп. Мындай пикирин индолог, дипломат Евгений Каблуков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Индиянын стратегиялык өнөктөшү — Орусия. Акыркы убакта АКШ менен алакасын арттыра баштаганына карабастан, ал индус-орус мамилесине таасирин тийгизбей турганын Индия белгилеп келет.

Себеби Индия — Орусия куралынын негизги сатып алуучусу. Эки өлкөнүн алакасы жакшы нукта баратканын Владимир Путиндин Индияга жасаган акыркы сапарындагы келишимдер тастыктап турат.

«Орусия куралынын айрым түрлөрүн Индиядан чыгарууга макулдук берди. Эми Калашников баштаган орус автоматынын жаңы түрлөрү Индияда чыгарыла баштайт. Ушул сыяктуу чоң жана эки өлкөгө керектүү башка келишимдер түзүлдү», — деди ал.

Ошол эле учурда башка өлкөлөр жардам берүүдөн баш тарткан кезде Советтер Союзу Индиянын оор өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошконун белгиледи индолог.

Анын айтымында, ошол гигант өнөр жайлар, ири метталургиялык заводдор Индияда азыр да иштеп жатат. Андыктан алар Орусия сыяктуу стратегиялык өнөктөшүнөн ажырагысы келбейт.

Дал ушундай эле абал Кытайда да болуп жатканын айтат Каблуков. Кытай менен Орусиянын экономикалык өнөктөштүгүнүн деңгээли жогору болгондуктан, Кытай үчүн Орусия менен байланышты үзүү пайдасыз.

Copyright © 2017 Maral FM